КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! ЭГЕР СИЗ ЖЕКЕ БАРАКЧАНЫ ТҮЗҮП ЖАТСАҢЫЗ, ӨЗҮҢҮЗДҮН ЖЕКЕ БАРАКЧАГА ЖЕ «ОК» СОЦИАЛДЫК ТАРМАГЫНДАГЫ БАШКА ЛИЦЕНЗИАТТЫН БАРАКЧАСЫНА КИРСЕҢИЗ, ЖЕ АНДА ЖАЙГАШТЫРЫЛГАН КААЛАГАН КОНТЕНТТИ ЖҮКТӨСӨҢҮЗ ЖЕ КӨЧҮРСӨҢҮЗ, ЖЕ БАШКАЧА ЖОЛ МЕНЕН СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТЫ ПАЙДАЛАНСАҢЫЗ, МУНУ МЕНЕН СИЗ УШУЛ ЛИЦЕНЗИЯЛЫК МАКУЛДАШУУНУ КАБЫЛ АЛАСЫЗ ЖАНА КАНДАЙДЫР БИР ЧЕКТӨӨЛӨРСҮЗ АНЫН БАРДЫК ШАРТТАРЫНА ӨЗ МАКУЛДУГУҢУЗДУ ЫРАСТАЙСЫЗ.

Ушул лицензиялык макулдашуу (мындан ары «Макулдашуу») «ВК» ЖЧКнын, мындан ары «Лицензиар» деп аталган жана Сиздин, Социалдык тармактын Лицензиатынын (мындан ары «Лицензиат») ортосундагы Социалдык тармакты пайдаланууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.

Социалдык тармакты пайдалануу менен сиз https://ok.ru/privacy шилтемеси боюнча жайгашкан, ОК социалдык тармагынын Купуялык саясаты менен макул болосуз.

1. Ушул Макулдашууда пайдаланылган терминдер

1.1. Социалдык тармак – «ОК» аталышы менен белгилүү, Интернет тармагында төмөндөгү дарек боюнча жайгашкан: (odnoklassniki.ru же ok.ru) жана Лицензиатка сайт, сайттын мобилдик нускасы, колдонмолору жана ЭЭМ үчүн программа формасында интеллектуалдык ишмердиктин жыйынтыгын түшүндүргөн башка ресурстар аркылуу жеткиликтүү болгон социалдык тармак. Социалдык тармак социалдык тармактын функционалын уюштуруу түрүндө белгилүү жыйынтыкты алуу максатында ЭЭМ жана мобилдик түзмөктөрдүн иштеши үчүн арналган, маалыматтардын жана командалардын жана жаратылган аудиовизуалдык чагылдыруулардын (анын курамына кирген графикалык сүрөттөрдү жана колдонуучу интерфейсин кошо алганда) жыйындысы менен (мындан ары – маалыматтар жана командалар) объективдүү түрдө берилген. Маалыматтардын жана командалардын жыйындысы активдештирилген жана активдештирилбеген маалыматтардан жана командалардан турат.

Социалдык тармак Лицензиаттарга Интернет бүткүл дүйнөлүк тармагына кирүү мүмкүндүгү болгондо Жеке баракчаларды түзүү жана башка Лицензиаттардын Жеке баракчалары менен таанышуу, башка Лицензиаттар жөнүндө маалыматты контексттик издөөнү жүргүзүү, башка Лицензиаттар менен Жеке билдирүүлөрдү алмашуу, топторду жана жамааттарды түзүү жана буга чейин болгон топторго жана коомдорго кошулуу, фотосүрөттү жана башка контентти жайгаштыруу, көчүрүү жана жүктөө, Социалдык тармактын башка функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. Маалыматтарды жана командаларды (активдештирилген жана активдештирилбеген) пайдалануу укуктары ушул Макулдашууда аныкталган шарттарда Лицензиар тарабынан Лицензиатка берилет.

Социалдык тармакты иштетүү жана тейлөө, анын ичинде техникалык жана уюштуруучулук колдоо, Лицензиар тарабынан гана жүзөгө ашырылат жана Лицензиатка укуктарды берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздаган, анын милдеттенмесин (ушул Макулдашуунун 5-беренесинин жоболорун эске алуу менен) түшүндүрөт. Лицензиаттардын Социалдык тармакка катышуусу Лицензиаттын Интернет бүткүл дүйнөлүк тармагы аркылуу кошулуусу менен интерактивдик (онлайн) режимде жүрөт. Лицензиар ЭЭМ үчүн программа катары Социалдык тармакка жана өзүнчө дагы, жалпысынан дагы алынган анын бардык курамдык бөлүктөрүнө, ошондой эле элементтерине карата укуктар үчүнчү жактарга таандык болгон, Социалдык тармакка Лицензиар жайгаштырбаган Контенттен тышкары, ал жараткан аудиовизуалдык элементтерге карата укуктардын керектүү көлөмүнүн ээси болуп саналат. Лицензиар Социалдык тармакты ал аны пайдаланууну, иштетүүнү жана жайылтууну камсыздаган тиешелүү аймактарда пайдаланууга, иштетүүгө жана жайылтууга укуктуу.

1.2. Лицензиар – «ВК» жоопкерчилиги чектелген коому, ал Лицензиатка артыкчылыктуу эмес лицензия шарттарында Социалдык тармакты пайдалануу укугун берет жана Социалдык тармакты жалпыга маалымдоону, жайылтууну, иштетүүнү, тейлөөнү, администрациялоону жүзөгө ашырат. Лицензиар учурдагы макулдашуунун Тарабы болуп саналат.

1.3. Лицензиат – ушул Макулдашууну түзүү үчүн укук жана аракет жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон, Социалдык тармактын катышуучусу болуп саналган, ушул Макулдашууга ылайык ушул Макулдашуунун шарттарында Социалдык тармакты пайдалануу укугу берилген жеке жак. Лицензиат ушул Макулдашуунун Тарабы болуп саналат.

1.4. Контент – аларды пайдалануу укугу Лицензиарга, Лицензиаттарга же башка адамдарга таандык болгон, Социалдык тармакка жайгаштырылган дизайн элементтери, иллюстрациялар, графикалык сүрөттөр, сүрөттөр, скрипттер, тексттер, видео, музыка, үн жана интеллектуалдык ишмердиктин жыйынтыктары болуп саналган башка объекттер.

1.5. Колдонмолор – Социалдык тармакка Лицензиар же анын макулдугу менен үчүнчү жактар жайгаштырган, аларды Социалдык тармактын негизги функцияларына кошумча Социалдык тармактын алкагында Лицензиат пайдалана ала турган ЭЭМ үчүн программалар (оюндар, электрондук сервистер ж.б.) же алардын элементтери. Лицензиаттын Колдонмолорго катышуусу үчүнчү жактар менен өзүнчө макулдашууларда каралган шарттарда жүргүзүлөт.

1.6. Жеке баракча – Лицензиаттын Аккаунтунда жайгаштырылган маалыматтын бир бөлүгүн (анын ичинде, Лицензиаттын каалоосу боюнча, фотосүрөттөрдү, достору, статусу, топтору, жамааттары жана башкалар жөнүндө маалыматты) камтыган, башка Лицензиаттарга, ошондой эле Интернет тармагын башка колдонуучуларга таанышуу үчүн жеткиликтүү болгон, Социалдык тармактын бөлүмү. Жеке баракча Лицензиат тарабынан Жеке билдирүүлөрдү алмашуу, башка Лицензиаттарды досторго кошуу жана башка иш-аракеттерди жүргүзүү максатында пайдаланылат. Жеке баракчага кирүү Социалдык тармактын жеткиликтүү функционалынын чектеринде башка колдонуучулар үчүн Лицензиат тарабынан же ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык Лицензиар тарабынан чектелиши мүмкүн.

1.7. Лицензиаттын аккаунту (Аккаунт) – Социалдык тармакка каттоо учурунда түзүлгөн, Лицензиарга ар бир Лицензиатты эсепке алууну жана уникалдуу логин жана пароль аркылуу Социалдык тармакты пайдалануу укугун берүүнү шарттаган, Лицензиаттын эсепке алуу жазуусу. Аккаунтка кирүү үчүн логин жана сырсөз Социалдык тармакка катталууда Лицензиат тарабынан өз алдынча аныкталат жана ушул Макулдашууда же Социалдык тармактын баракчасынын «Жардам» бөлүмүндө берилген тартипте өзгөртүлөт.

1.8. Жеке билдирүүлөр – бир Лицензиат башкасына жөнөткөн жана башка жактардын таанышуусу үчүн жеткиликтүү эмес электрондук билдирүүлөр, аларды жөнөтүү жана алуу Лицензиаттын Жеке баракчасын пайдалануу менен жүргүзүлөт.

1.9. Сый акы – Лицензиатка ушул Макулдашуу менен белгиленген чектерде активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугун бергендиги үчүн Лицензиарга акы. Сый акынын өлчөмү Лицензиар тарабынан аныкталат жана аларды пайдалануу укугу Лицензиатка берилген, активдештирилбеген маалыматтардын жана командалардын көлөмүнөн көз каранды болот.

Социалдык тармактын эрежелери менен активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укуктарын алуунун, ошондой эле аларды пайдалануу боюнча чектөөлөрдүн башкача шарттары каралышы мүмкүн. Лицензиат Социалдык тармактын тиешелүү бөлүмдөрүндө аталган эрежелер менен тааныша алат.

1.10. Лицензиялык макулдашуу – Лицензиардын жана Лицензиаттын ортосунда түзүлгөн, Социалдык тармакты пайдалануу укуктарын берүү жөнүндө лицензиялык келишимдин бардык керектүү жана маанилүү шарттарын, анын ичинде активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды камтыган, ушул Макулдашуунун тексти. Ошондой эле Лицензиаттын жүрүм-турум эрежелери же Лицензиаттын айрым иш-аракеттерди жасоо эрежелери, ошондой эле Сый акы төлөө шарттары жана Лицензиар тарабынан Социалдык тармактын тиешелүү баракчаларында, анын ичинде «Жардам» бөлүмүндө жайгаштырылган, Социалдык тармакты, анын ичинде сайттын мобилдик нускасын жана Лицензиардын Колдонмолорун пайдалануунун башка эрежелери ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.

2. Ушул Макулдашууга кошулуу шарттары

2.1. Социалдык тармакты пайдаланып баштоодон мурда, Лицензиат ушул Макулдашуу менен, ошондой эле Социалдык тармакта колдонулган бардык эрежелер жана Социалдык тармактын тиешелүү бөлүмдөрүндө жайгаштырылган башка документтер менен таанышууга милдеттүү.

2.2. Милдеттүү талааларды толтургандан жана ушул Макулдашуу менен таанышкандан кийин Лицензиат «Катталуу» же ушул сыяктуу баскычты басуу менен ушул Макулдашууга кошулат (кабыл алат), бул РФ Жарандык кодексинин 435 жана 438-беренелеринин мааниси боюнча Лицензиардын офертаны кабыл алуусу (акцепти), Лицензиатта Макудашуунун шарттарын, анын ичинде Социалдык тармакта колдонулган эрежелерди сактоо милдетин жараткан келишимди түзүү болуп саналат.

2.3. Аккаунтту каттоосуз, Социалдык тармакты каттоосуз жеткиликтүү болгон формада жана көлөмдө иш жүзүндө пайдалануу дагы ушул Макулдашуунун акцепти болуп саналат.

2.4. Социалдык тармакта катталуу менен, Лицензиат колдонуудагы мыйзамдарга ылайык уруксат берилген катталуу курагына чыкканын жана/же колдонуудагы мыйзамдарга ылайык бардык керектүү, анын ичинде маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамды сактоо максат үчүн макулдукту (мисалы, ата-энесинин) алганын ырастайт, болбосо Социалдык тармакка катталууга жана аны пайдаланууга тыюу салынат.

3. Макулдашуу предмети

3.1. Ушул Макулдашуу боюнча Лицензиар Лицензиатка жөнөкөй артыкчылыктуу эмес лицензия шарттарында Социалдык тармакты пайдалануу укугун, анын ичинде ушул Макулдашуу менен аныкталган чектерде активдештирилген жана активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугун берет.

3.2. Активдештирилген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугу Лицензиатка акысыз берилет.

3.3. Активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугу, эгер Лицензиар тарабынан аны алуунун башкача жолу каралбаса, Лицензиатка Сый акы үчүн берилет.

4. Социалдык тармакты колдонуунун чектери

4.1. Лицензиат Социалдык тармакты төмөндөгүдөй жолдор менен колдонууга укуктуу:

4.1.1. Социалдык тармактын функционалын пайдаланууга, анын ичинде Аккаунт жана Жеке баракча түзүү аркылуу Социалдык тармакты калыптандырууга катышууга жана маалыматты жана Контентти жайгаштыруу жана иштеп чыгуу аркылуу мындай катышуунун жүрүшүндө Социалдык тармактын мазмунун жана Аккаунттун жеке жөндөөлөрүн өзгөртүүгө, ушул Макулдашууда каралган эрежелерди сактоо менен ашка Лицензиаттар менен өз ара аракеттенүүгө;

4.1.2. Жеке пайдалануу үчүн өзүнүн жеке компьютеринин жана/мобилдик түзмөгүн эс тутумуна көчүрүү (жүктөө) аркылуу анда жайгаштырылган маалымат жана Контент түрүндө Социалдык тармактын элементтерин кайра өндүрүүгө. Эгер Контенттин элементтери автордук укук объекти же башка Лицензиаттардын же үчүнчү жактардын жеке сүрөтү (фотосүрөттөрү) болуп саналса, Лицензиат аларды мындай кайра өндүрүүдө бул жактардын макулдугун кошумча алууга милдеттүү;

4.2. Лицензиатка тыюу салынат:

4.2.1. Тиешелүү укук ээлеринин мындай иш-аракеттерди жасоого уруксаты жол болгондо, Лицензиардын, башка Лицензиаттардын же үчүнчү жактардын автордук укук объекти болуп саналган, Социалдык тармактын элементтерин коммерциялык же коммерциялык эмес максаттарда кайра өндүрүүгө, жайылтууга, кайра иштеп чыгууга;

4.2.2. Сайттарды түзүүдө же Интернет тармагында же андан тышкары коммерциялык ишти жүргүзүүдө Социалдык тармактын дизайн элементтерин же колдонуучу интерфейсин кайра өндүрүүгө;

4.2.3. Социалдык тармакта катышкан башка Лицензиаттардын аудиовизуалдык чагылдырууларын жана эсепке алуу маалыматтарын, бул Лицензиаттардын макулдугусуз коммерциялык же коммерциялык эмес максаттарда Социалдык тармакта/андан тышкары жайылтууга;

4.2.4. Лицензиатка берилген Социалдык тармакты пайдалануу укугун сублицензиялык келишимди түзүү же башкача жол аркылуу башка Лицензиаттарга же үчүнчү жактарга берүүгө;

4.2.5. Ушул Макулдашууда бекитилген (5-бөлүм) Социалдык тармакты пайдалануу эрежелерин бузууга.

5. Социалдык тармакты колдонуунун эрежелери

5.1. Социалдык тармакты пайдалануу үчүн Лицензиат Аккаунт түзүү аркылуу Социалдык тармакта катталат. Социалдык тармакка кирүү үчүн Лицензиат уникалдуу авторизациялык маалыматтарды – логинди жана сырсөздү түзөт, алар купуя маалымат болуп саналат жана колдонуудагы мыйзамдарда жана/же ушул Макулдашууда каралган учурлардан тышкары, жарыялоого болбойт. Сырсөздү жоготуу менен байланыштуу Лицензиаттын Аккаунту менен алдамчылык жана башка укук ченемсиз иш- аракеттерди жүргүзүү тобокелдигин Лицензиат тартат. Лицензиатка сырсөздү үчүнчү жактардын тандап алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу үчүн, жетиштүү татаал сырсөздү тандоо сунушталат.

5.1.1. VK Экосистемасынын куралы болуп саналган VK ID пайдалануу менен Социалдык тармакка катталууга жана/же авторизациялоого мүмкүн. VK Экосистемасы колдонуучулардын, Экосистемага кирген Сервистердин жана колдонуучулар үчүн көнүмүш сервистерди пайдалануу ыңгайлуулугун жогорулатууга арналган адистештирилген куралдардын өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы мейкиндигин түшүндүрөт. «В Контакте» ЖЧК тарабынан камсыз кылынган VK ID инструменти (ОГРН 1079847035179, турган ордунун дареги: 191024, Санкт-Петербург, Херсонская көч., 12–14-үй, А лит., 1-Н орун жай), Сервистерде Колдонуучуну каттоо жана/же авторизациялоо мүмкүнчүлүгүн берет, VK Экосистемасында Колдонуучунун аккаунтун түзүү жана колдоо функциясын аткарат, Колдонуучуга VK Экосистемасында аккаунтун маалыматтарын бирдиктүү коопсуз башкаруунун, ошондой эле VK Экосистемасынын Колдонуучу менен макулдашууларын аткаруу максатында, VK Экосистемаларында Колдонуучунун аккаунтунда колдонуучуга керектүү Сервистерди кошуу же өчүрүү функционалдуулугун берет. VK ID аркылуу Социалдык тармакта катталуу жана/же авторизациялоо, төмөндөгү дарек боюнча Интернет тармагында ачык жетүү мүмкүндүгүндө жайгаштырылган: https://id.vk.com/terms VK Экосистемасынын Колдонуучу макулдашуусу жана төмөндөгү дарек боюнча Интернет тармагында ачык жетүү мүмкүндүгүндө жайгаштырылган: https://id.vk.com/privacy VK экосистемасынын купуялуулук саясаты, ушул Макулдашуу жана Купуялуулук саясаты менен макулдукту билдирет.

5.2. Лицензиаттын Каттоо эсеби жана Башка маалыматтары https://ok.ru/privacy шилтемеси боюнча жеткиликтүү ОК Социалдык тармагынын Купуялуулук саясатында көрсөтүлгөн шарттарда жана тартипте ушул Макулдашууну талаптагыдай аткаруу максатында Лицензиар тарабынан иштелип чыгат.

5.3. Аккаунтту каттагандан кийин Лицензиат Аккаунтту, Жеке баракчаны жана Социалдык тармактын башка элементтерин Контент менен толтурууга, берилген функционалга ылайык фотосүрөттөрдү жана башка материалдарды кошууга, коомго кошулууга жана ушул Макулдашууну сактаган шартта Социалдык тармакты пайдаланууда Лицензиар берген башка функцияларды пайдаланууга укуктуу.

5.4. Лицензиат каттоо жана Социалдык тармактын стандарттуу функционалын пайдалануу аркылуу, ошондой эле Лицензиатка берилген Социалдык тармактын функционалынын алкагында өзүнүн Жеке баракчасынын купуялугун жана көрүнүшүн тескөөнү тандоо аркылуу өзүнүн жеке маалыматтарына жетүү мүмкүндүгүнүн шарттарын өз алынча аныктайт жана чектелбеген адамдар тобуна жетүү мүмкүндүгүн берет. Лицензиар Лицензиаттын мындай тандоосун демилгелебейт жана таасир этпейт, ошондой эле Лицензиаттан анын жеке маалыматтарын жайылтууга уруксат алуу максатын көздөбөйт. Лицензиат чектелбеген адамдар тобуна жеткиликтүү кылган жеке маалыматтарды иштеп чыгуу Лицензиар тарабынан Макулдашуунун негизинде жана анын шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

5.5. Мурда Аккаунт каттаган Лицензиаттын Социалдык тармакка кирүүсү ар бир жолу авторизациялоо процедурасынан өтүү – Лицензиаттын логинин жана сырсөзүн киргизүү, электрондук почта аркылуу алынган гипершилтеме боюнча өтүү аркылуу, cookies технологиясын пайдалануу менен автоматтык авторизациялоонун жыйынтыгында жана башка жеткиликтүү жана Лицензиар уруксат берген жолдор менен жүзөгө ашырылат.

5.6. Социалдык тармакта авторизацияланган адам эгер башкача экенин ырастаган маалымат жок болсо, мындай авторизациялоонун жыйынтыгында аны пайдалануу жана башкаруу мүмкүнчүлүгү алынган Аккаунтту тийиштүү колдонуучу деп эсептелет.

5.7. Лицензиат Социалдык тармакты пайдаланып жатканда Социалдык тармакта Лицензиатты автоматтык түрдө авторизациялоо максатында, ошондой эле статистикалык, атап айтканда Социалдык тармакка кирүү жөнүндө маалыматтарды чогултуу үчүн cookies технологиясы колдонулушу мүмкүн.

5.8. Лицензиат браузердин тиешелүү тескөөлөрүн колдонуу аркылуу cookies технологиясын пайдаланууну чектөөгө же тыюу салууга укуктуу.

5.9. Сырсөздү жоготууга, Аккаунтту бөгөттөөгө байланыштуу жана башка себептерден улам авторизациялоо мүмкүн болбогондо, Лицензиат Лицензиардын колдоо кызматына кайрылууга же «Жардам» бөлүмүндө жана Социалдык тармактын башка бөлүмдөрүндө жайгаштырылган нускаманы аткарууга укуктуу. Аккаунтка кирүү мүмкүндүгүн, Лицензиатты авторизациялоону калыбына келтирүү жолдору бир тараптуу тартипте Лицензиар тарабынан өзгөртүлүшү, жокко чыгарылышы же толукталышы мүмкүн.

5.10. Лицензиар күнү-түнү режимде Социалдык тармактын иштөөсүн камсыздоо үчүн коммерциялык негиздүү шарттарды көрөт, бирок техникалык бузулууларга, профилактикалык иштерди өткөрүү менен байланыштуу тыныгуулардын жок болушун кепилдебейт, ошондой эле Колдонмолордун толук же жарым-жартылай иштөө жөндөмдүүлүгүн кепилдебейт. Лицензиар Социалдык тармак же анын элементтери келечекте каалаган конкреттүү убакта иштей турганын же алар иштөөнү токтотпой турганын кепилдебейт.

5.11. Социалдык тармак, анын ичинде бардык скрипттер, Колдонмолор, Контент жана аны тариздөө, мобилдик нускалар «кандай болсо ошондой» берилет. Лицензиар Социалдык тармак же анын элементтери конкреттүү пайдалануу максаттары үчүн ылайык келээрине эч кандай кепилдиктерди бербейт. Лицензиар Социалдык тармакты же анын элементтерин пайдалануудан эч кандай өзгөчөлүү жыйынтыктарды кепилдебейт жана убада кылбайт. Лицензиар Социалдык тармакта жайгаштырылган, анын ичинде башка Лицензиаттар жайгаштырган Контенттин жана Колдонмолордун Лицензиаттын мораль жана адептүүлүк жөнүндө жеке түшүнүктөрүнө ылайык келишин кепилдебейт.

5.12. Социалдык тармакты пайдаланууда Лицензиат Контентке, өзгөчө башка Лицензиаттар жайгаштырган Контентке, башка материалдарга жана маалыматтарга карата; Социалдык тармакта жайгаштырылган гипершилтемелер боюнча өтүүдө, каалаган файлдарды, анын ичинде программалык камсыздоону пайдаланууда, Лицензиаттын компьютерине зыяндуу программалык камсыздоонун терс таасир этүүсүнөн, Аккаунтка ак ниет эмес кирүү мүмкүндүгүнөн, сырсөздү тандап алуудан жана Лицензиат үчүн башка терс кесепеттерден алыс болуу үчүн сактык чараларын сактоого милдеттүү.

5.13. Лицензиат Социалдык тармакка Контент жайгаштыруу менен, Лицензиарга Контентти Социалдык тармактын иштетүү максаттары үчүн гана бул үчүн зарыл жолдор менен пайдалануу укугун берет. Лицензия алуучу Мазмунду Социалдык тармакка жайгаштыруу менен, башка Лицензия алуучуларга аны көрүү, кайра чыгаруу (анын ичинде көчүрүү) аркылуу Социалдык тармак тарабынан берилген функциялардын алкагында гана колдонууга өзгөчө эмес укуктарды, ошондой эле башка укуктарды мындай пайдалануу автордук укук ээсинин мыйзам менен корголгон таламдарына зыян келтириши мүмкүн болгон учурлардан тышкары, жеке, коммерциялык эмес пайдалануу укуктарын берет. Лицензиат жеке баракчасына GIF сүрөттөрүн, ошондой эле Социалдык тармактын ачык топторуна ачык каттарды түзүү функциясына ээ сүрөттөрдү жана GIF сүрөттөрүн жайгаштыруу менен башка Лицензиаттарга мындай сүрөттөрдү жана GIF сүрөттөрүн түзүү жана жөнөтүү үчүн колдонуу укугун берет. Открыткаларды түзүү функциясын башкаруу тууралуу көбүрөөк маалыматты https://ok.ru/help/kak-ogranichit-sozdanie-otkrytok дарегинен биле аласыз.

5.14. Лицензиаттын тиешелүү укук ээлеринин мындай иш-аракеттерди жасоого уруксаты жана/же мындай иш-аракеттерге укуктун керектүү көлөмү жол болгондо, Контентти жана Лицензиаттардын, Лицензиардын жана башка жактардын-укук ээлеринин интеллектуалдык ишинин башка жыйынтыктарын жүктөөгө же башкача жол менен жалпыга билдирүүгө (Социалдык тармакка жайгаштырууга, Социалдык тармактын алкагында жарыялоого) укугу жок.

5.15. Лицензиардын макулдугу жок Социалдык тармактан маалыматты коммерциялык максаттарда кайра өндүрүүгө, көчүрүүгө, чогултууга, системалаштырууга, сактоого, берүүгө жана/же коммерциялык же коммерциялык эмес максаттарда Социалдык тармактын маалыматтар базасын алууга же аны толук же каалаган бөлүгүндө каалаган жол менен пайдаланууга жол берилбейт. Маалыматты топтоо үчүн автоматташтырылган скрипттерди (маалыматты автоматтык түрдө чогултуу программаларын, ботторду, краулерлерди жана башка каражаттарды) пайдаланууга жана (же) Лицензиардын макулдугу жок Социалдык тармак менен өз ара аракеттенүүгө тыюу салынат.

5.16. Лицензиат өзүнүн Жеке баракчасын өз алдынча өчүргөн учурда аны өчүргөн күндөн баштап 183 күн аралыгында өзүнүн Жеке баракчасын калыбына келтирүүгө укуктуу.

5.17. Лицензиат Аккаунтка же ал администратору болгон жамаатка/топко Интернет тармагында шилтеме кылууда id катар номерин алмаштырган кыска (поддомендик) атты ыйгарууга укуктуу. Поддомендик аталыш катары ушул Лицензиялык макулдашууга, колдонуудагы мыйзамдарга жана эл аралык укуктук актыларга ылайык колдонууга тыюу салынган сөздөр жана аталыштар, анын ичинде, бирок чектелбестен, уят сөздөрдү, эгерде Лицензиатка аларга карата артыкчылыктуу укуктар таандык болбосо, товардык белги (МКТУ классынан көз карандысыз) фирмалык аталыш жана коммерциялык белги катары катталган аталыштарды тандоого болбойт. Бул шарттарды бузуулар аныкталган учурда Лицензиар Лицензиаттин ал ыйгарган поддомендик аталышты пайдалануусуна тыюу салууга, анын ичинде, эгерде колдонулса, аны пайдалануу укугун тиешелүү жакка (укук ээсинин өкүлүнө) берүүгө укуктуу.

5.18. Аккаунтту же коомду/топту 1 (бир) жыл ичинде жана андан узагыраак пайдаланбаган учурда (аларда активдүүлүк жок болгондо), Лицензиар кыска (поддомендик) аталышты бошотуп, пайдалануу укугун башка Лицензиатка берүү укугун өзүнө калтырат. Ошону менен, мындай Аккаунтка же коомго/топко баракчанын демейкидей id катар номери бекитилет.

5.19. Кыска (поддомендик) аталыш катары товардык белгини, фирмалык аталышты, коммерциялык белгини, белгилүү каймана атты, аты-жөнүн, аталышты колдонгон учурда, Лицензиар Лицензиаттан мындай атты пайдалануунун документ түрүндөгү тастыктамасын (бул колдонулганда) берүүнү сураганга укуктуу.

6. Лицензиардын укуктары жана милдеттери

6.1. Лицензиар Социалдык тармакты күнүмдүк башкарууну жүзөгө ашырат, анын түзүмүн, тышкы түрүн аныктайт, ушул Макулдашуунун жоболорун бузганда Лицензиаттардын Социалдык тармакка кирүү мүмкүндүгүнө уруксат берет же чектейт, ага таандык башка укуктарды жүзөгө ашырат. Лицензиат Лицензиар Социалдык тармактын алкагында жайгаштырылган Контентти чагылдырууну камсыздаган, программалык каражаттардын функционалдык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн (аудио/видеоплеерди) өзүнүн кароосу боюнча, анын ичинде жарнаманы чагылдыруу максаттары үчүн пайдаланууга укуктуу экенине макул болот.

6.2. Лицензиаттар ортосунда өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн берүү, анын ичинде Лицензиаттарга Социалдык тармактын алкагында тигил же бул иш-аракеттерди өз алдынча жасоо мүмкүнчүлүгүн берүү бөлүгүндө, Лицензиар Социалдык тармакты пайдалануу менен мындай өз ара аракеттенүүнүн технологиялык мүмкүнчүлүгүн берген жак катары чыгат. Мындай өз ара аракеттенүү менен байланыштуу Лицензиаттар берген маалыматты, графикалык сүрөттөрдү жана башка материалдарды берүү, сактоо жана Интернет тармагы жана Социалдык тармактын программалык камсыздоосу аркылуу кирүү мүмкүндүгүн камсыздоо мындай материалдарды өзгөртүүсүз же Лицензиар тарабынан анын мазмунуна таасир этүүсүз жүзөгө ашырылат.

6.3. Лицензиар Социалдык тармакта жарнама жайгаштыруу, өнөктөштүк программаларга катышуу тартиби жөнүндө жана башка маселени өз алдынча чечет.

6.4. Лицензиар укуктуу:

6.4.1. Каалаган убакта Социалдык тармакты тариздөөнү жана колдонуучу интерфейсин, анын мазмунун, Социалдык тармактын функциялары берген мазмунду өзгөртүүгө, пайдаланылган скрипттерди, программалык камсыздоону, Лицензиардын Контентин жана Социалдык тармакта пайдаланылган же сакталган башка объекттерди, бардык Колдонмолорду жана сервердик колдонмаолорду, Лицензиатка кабарлоо менен же кабарлоосуз өзгөртүүгө же толуктоого;

6.4.2. Каалаган Контентти, анын ичинде Лицензиардын кароосу боюнча Россия Федерациясынын мыйзамдарын (колдонуудагы мыйзамдарды), ушул Макулдашуунун жоболорун, башка Лицензиаттардын же үчүнчү жактардын укуктарын бузган жана/же бузушу мүмкүн болгон, аларга зыян келтирген же зыян келтирүү жана/же коопсуздук коркунучун жарата турган Контентти кандайдыр бир себепсиз жана эскертүүсүз өчүрүүгө;

6.4.3. Өзүнүн кароосу боюнча каалаган маалыматты (анын ичинде Лицензиаттын Жеке билдирүүлөрү, Лицензиаттын фотосүрөттөрүнө, статустарына комментарийлерди, башка маалыматты жана башка материалдарды), анын ичинде Россия Федерациясынын мыйзамдарын (колдонуудагы мыйзамдарды) жана/же ушул Макулдашуунун жоболорун бузуу менен Лицензиат тарабынан Социалдык тармакка жайгаштырылган маалыматты өчүрүүгө;

6.4.4. Лицензиаттын Социалдык тармактын бөлүмдөрүнүн жана/же Социалдык тармактын элементтеринин бардыгына же каалаган бирөөнө, жеке баракчага, Социалдык тармактын коомдоруна, топторуна, Социалдык тармактын функцияларына, анын ичинде активдештирилген жана активдештирилбеген маалыматтарга жана командаларга жетүү мүмкүндүгүн токтото турууга, чектөөгө же токтотууга, каалаган убакта себебин түшүндүрүсүз, эгер колдонуудагы мыйзамдар менен башкача каралбаса, алдын ала кабарлоо менен же кабарлоосуз, Лицензиат түзгөн жамааттарды жана топторду өчүрүүгө;

6.4.5. Лицензиаттын Аккаунтун өзүнүн кароосу боюнча, анын ичинде Лицензиат Россия Федерациясынын мыйзамдарын (колдонуудагы мыйзамдарды) же ушул Макулдашуунун жоболорун бузган иш-аракеттерди жасаган учурда өчүрүүгө;

6.4.6. Лицензиатка акы үчүн ушул Макулдашууда жана Социалдык тармактын тиешелүү бөлүмдөрүндө жана/же Социалдык тармактын элементтеринде, анын ичинде Колдонмолордо каралган шарттарда активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугун берүүгө;

6.4.7. Лицензиаттарга Лицензиардан (жана/же Лицензиардын өнөктөштөрүнөн/алар аркылуу) жарнама-маалыматтык же жаңылык мүнөзүндөгү билдирүүлөрдү, анын ичинде e-mail, sms-жөнөтмөлөр, Социалдык тармактын Колдонмосундагы push-кабарлоолор аркылуу же башка жеткиликтүү жол менен жөнөтүүнү жүзөгө ашырууга.
Мында Лицензиат каалаган убакта себебин түшүндүрүсүз Социалдык тармакта Колдонуучунун Эсепке алуу жазуусун түзгөндөн кийин төмөндөгүдөй жолдор менен жарнамалык билдирүүлөрдөн баш тарта алат:
1) Колдонуучунун мобилдик түзмөгүн тескөөлөрүн өзгөртүү (зарыл болгондо iOS https://ok.ru/help/3/18/4955 же Android https://ok.ru/help/3/18/4956 үчүн нускамаларды пайдаланыңыз) – Социалдык тармактын Колдонмосунда push-кабарлоолорго карата,
2) Аккаунттагы тескөөлөрдү өзгөртүү (Социалдык тармактын сайтында «Маалымдоолор жана эскертүүлөр» бөлүмүндө «Тескөөлөрдө», же жөн гана төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп: https://ok.ru/settings/notifications, ошондой эле Социалдык тармактын Колдонмосунда «Кабарламалар жана эскертүүлөр» бөлүмүндө «Тескөөлөрдө») – Социалдык тармактагы окуялар жөнүндө кабарламаларга карата,
3) Каалаган жарнамалык каттын ичиндеги «Жазылууну жокко чыгаруу» баскычын басып – e-mail билдирүүлөргө карата.

6.4.8. Социалдык тармакты пайдаланууда Лицензиаттарга эскертүү жасоого, эскертүүгө, кабарлоого, Лицензиаттардын ушул Макулдашууну сактабагандыгы жөнүндө аларга маалымдоого. Социалдык тармакты пайдалануу процесси убагында Лицензиатка берилген Лицензиардын көрсөтмөлөрү Лицензиаттын аткаруусу үчүн милдеттүү;

6.4.9. Социалдык тармакка карата өзүнүн интеллектуалдык укуктарын коргоо үчүн мыйзам менен тыюу салынбаган чараларды көрүүгө;

6.4.10. Электрондук почта, sms-жөнөтмөлөр, Социалдык тармактын Колдонмолорундагы push-кабарлоолор, Социалдык тармактын, web-браузердин функционалын пайдалануу же башка жеткиликтүү жол менен жөнөтмөлөр аркылуу Лицензиаттарга маалыматтык (сервистик) билдирүүлөрдү (кабарлоолорду) жөнөтүүгө;

6.4.11 Лицензиатка Социалдык тармакта билдирүүлөрдү жөнөтүү аркылуу Социалдык тармакта Лицензиат тарабынан сатып алуулардын дүмүрчөктөрүн (анын ичинде Сыйлыкты төлөөдө) жөнөтүү.

6.5. Лицензиар Лицензиаттардын же Лицензиардын макулдугу менен Социалдык тармакка Колдонмолорду жайгаштырган үчүнчү жактардын ортосунда, Лицензиаттар мындай Колдонмолорду колдонгондо пайда болгон талаштарды жана чыр-чатактуу кырдаалдарды кароо жана чечүү менен алектенбейт, бирок өзүнүн кароосу боюнча пайда болгон чыр-чатактарды чечүүгө көмөк көрсөтөт. Лицензиар башка Лицензиаттан(-тардан) ушул Лицензиаттын Социалдык тармактаны туура эмес же укуку каршы жүрүм-турумуна жүйөлүү даттанууну алган учурда Лицензиаттын Социалдык тармакка кирүү мүмкүндүгүн (Социалдык тармакты пайдалануу укугунун аракети) токтото турууга, чектөөгө же токтотууга укуктуу.

6.6. Лицензиар өзүнө төмөндөгү милдеттенмелерди кабыл алат:

6.6.1. Ушул Макулдашууда берилген шарттарда Лицензиатка Социалдык тармакты пайдалануу укугун, анын ичинде ушул Макулдашуу менен белгиленген чектерде активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугун берүү;

6.6.2. Социалдык тармакта маалыматты жайгаштыруу же билдирүү жөнөтүү аркылуу же Лицензиарга жеткиликтүү башка жол менен ушул Макулдашуунун шарттарынын өзгөргөндүгү жөнүндө Лицензиатка кабарлоого.

7. Лицензиаттын укуктары жана милдеттери

7.1. Лицензиат укуктуу:

7.1.1. Аккаунтту жана Жеке баракчаны жөндөөгө, Аккаунтка кирүү үчүн сырсөздү өзгөртүүгө;

7.1.2. Лицензиаттын Аккаунтунда өзү жөнүндө маалыматты жайгаштырууга, фотосүрөттөрдү, статустарды кошууга, башка Лицензиаттардын фотосүрөттөрүн жана статустарын баалоого жана комментарий берүүгө;

7.1.3. Лицензиаттар коомдорунда, ошондой эле Лицензиатка белгилүү маалымат жана изделип жаткан Лицензиат Жеке баракчасында жайгаштырган тиешелүү маалымат боюнча башка Лицензиаттарды издөөгө;

7.1.4. өзүнүн Жеке баракчасынын алкагында Лицензиат тарабынан көрсөтүлгөн телефон номери боюнча башка Лицензиаттарга Жеке баракчаны сунуштоо мүмкүнчүлүгүн тескөөлөрдү өзгөртүү;

7.1.5. жаңы коомдорду, топторду түзүүгө жана мурда түзүлгөндөргө кошулууга, Социалдык тармактын жана Колдонмолордун функцияларын пайдаланууга жана аларга Социалдык тармактын тиешелүү бөлүмүндө камтылган материалдарды жайгаштыруу талаптарына ылайык материалдарды жайгаштырууга;

7.1.6. жеке билдирүүлөрдү жөнөтүүгө жана алууга, форумда билдирүү кошууга;

7.1.7. Башка Лицензиаттардын Жеке баракчаларында жайгаштырылган фотосүрөттөрдү модерациялоого. Бул укук Аккаунттун тиешелүү тескөөлөрүн өзгөртүү аркылуу модерациялоого жазылган Лицензиаттар тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн;

7.1.8. Активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугун алууга жана ушул макулдашууга ылайык ушул укуктарды жүзөгө ашырууга;

7.1.9. Социалдык тармакты пайдалануу менен байланыштуу башка, Россия Федерациясынын мыйзамдары (колдонуудагы мыйзамдар) же ушул Макулдашуу менен тыюу салынбаган иш-аракеттерди жүргүзүүгө;

7.1.10. Лицензиаттын мобилдик түзмөгүндөгү Социалдык тармактын колдонмосуна Лицензиатка жеке максаттары үчүн, ошондой эле ага Социалдык тармакта башка Лицензиаттарды сунуштоо үчүн Социалдык тармакта телефондук китепти жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүү максатында, Лицензиаттын маалыматтарына, атап айтканда Лицензиаттын жайгашкан жерүү жөнүндө, Социалдык тармакты тиркемеси жөнүндө, ошондой эле мобилдик түзүлүштөгү Лицензиаттын байланыштары жөнүндө маалыматка (кененирээк ОК социалдык тармагынын Купуялуулук саясатынын 6.1.7.–6.1.8-пункттарында) жетүү мүмкүндүгүнө уруксат берүү.

7.2. Лицензиат милдеттүү:

7.2.1. Кандайдыр бир чектөөлөрсүз ушул Макулдашуунун шарттарын сактоого;

7.2.2. Социалдык тармакка катталуу жана аккаунт түзүү учурунда туура маалыматты көрсөтүүгө;

7.2.3. Ушул Макулдашуунун 4-бөлүмүндө белгиленген Социалдык тармакты пайдалануу чектерин ашырбоого;

7.2.4. Лицензиардын Социалдык тармакка же анын кандайдыр бир элементтерине карата интеллектуалдык менчик укуктарын башкача жол менен бузбоого, атап айтканда, Лицензиаттын Лицензиар Социалдык тармакка жайгаштырган материалдарын (текст, графика, аудио-видео) Лицензиардын жазуу түрүндөгү макулдугу жок көчүрүүгө, трансляциялоого, жөнөтүүгө, жарыялоого жана башкача жол менен жайылтууга жана кайра өндүрүүгө укугу жок;

7.2.5. Анын Аккаунтунун жана Жеке баракчасынын коопсуздугун камсыздаган жана аларга үчүнчү жактардын уруксатсыз кирүүсүнүн алдын алган (атап айтканда, сырсөз браузерде сакталып калбаганын көзөмөлдөө, анын ичинде cookies технологиясын пайдалаууда, Лицензиаттын компьютердик түзмөгүн үчүнчү жактар пайдаланышы мүмкүн болгондо) талаптагыдай чараларды өз алдынча көрүүгө;

7.2.6. Социалдык тармакты пайдаланууга байланыштуу, атап айтканда, Социалдык тармакта, колдонуучуларды (Лицензиаттарды) колдоо борборунда, Социалдык тармактын жаңылыктар бөлүмүндө, Лицензиардын форумунда Лицензиар Лицензиатка же Лицензиаттардын тобуна берген Лицензиардын көрсөтмөлөрүн аткарууга. Лицензиат мындай көрсөтмөлөрдү аткарбаган учурда Лицензиар Лицензиатка Социалдык тармакты пайдалануу укуктарын, анын ичинде активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укуктарын берүүнү токтото турууга, чектөөгө, токтотууга укуктуу;

7.2.7. Ушул Макулдашууну түзүү жана аткаруу менен байланыштуу Лицензиардын талабы боюнча фамилияны, атын, атасынын атын, башка маалыматтарды камтыган өзүнүн эсепке алуу маалыматтарын ырастоого;

7.2.8. РФ ЖК 152.1.-беренесине же колдонуудагы мыйзамдардын башка ченемине ылайык, Лицензиаттан тышкары мындай макулдук талап кылынбаган учурлардан тышкары, Лицензиаттан тышкары башка адамдар чагылдырылган фотосүрөттөрдү алардын алдын ала макулдугу жок жайгаштырбоого;

7.2.9. Социалдык тармакта Лицензиатка карата кордогон, кемсинткен, беделин кетирген ж.б. катары бааланышы мүмкүн болгон иш-аракеттер жасалган бардык учурлар жөнүндө Лицензиарга кабарлоого;

7.2.10. Ушул сыяктуу коомдор болгон шартта жаңы коомдорду (мектеп, колледж, ЖОЖ, аскердик бөлүк, иштеген жери, эс алган жери) түзбөөгө;

7.2.11. Мезгил-мезгили менен https://ok.ru/regulations дареги боюнча ушул Макулдашуунун мазмуну менен таанышууга жана ага киргизилген өзгөртүүлөрдү көзөмөлдөөгө;

7.2.12. Ушул Макулдашуу менен каралган жана/же Социалдык тармактын тиешелүү бөлүмдөрүндө жайгаштырылган башка талаптарды сактоого жана башка милдеттемелерди аткарууга.

7.3. Лицензиат ушул Макулдашууну түзүү үчүн бардык керектүү ыйгарым укуктарга жана аракетке жөндөмдүүлүккө ээ экенин кепилдейт.

7.4. Лицензиатка тыюу салынат:

7.4.1. Социалдык тармактан Лицензиардын уруксатысыз башка Лицензиаттардын жана/же башка маалыматтарды топтоо;

7.4.2. Социалдык тармакта маалыматтарды топтоо үчүн кандайдыр бир автоматтык же автоматизацияланган каражаттарды колдонуу;

7.4.3. Социалдык, расалык, улуттук же диний көрө албастык жана кастыкты жараткан, согушту, социалдык, расалык, улуттук, диний же тил артыкчылыгын пропагандалоо, учурдагы мыйзам боюнча таратууга тыюу салынган башка маалыматтарды таратуу же аларга үгүттөө;

7.4.4. Эгер Лицензиат мыйзамдан улам же маалыматтарды бөлүшүү макулдашуусу боюнча жетиштүү укукка ээ болбосо, үчүнчү жактардын чектелген маалыматтарын (конфиденциалдык маалыматты) Социалдык тармакта жайгаштырып же Жеке билдирүүлөр аркылуу бөлүшүүгө;

7.4.5. Лицензиардын, Лизендиаттардын жана үчүнчү жактардын автордун же башка артыкча укуктардын объекти болгон Контентти жайгаштыруу, көргөзүү, өзгөртүү, таратуу, Социалдык тармакта жарыялоо, коомчулукка ачык кылуу, бөлүшүү, сатуу же башка жол менен толугу менен же кайсы бир бөлүгүн, анын ээсинин уруксатысыз учурдагы Макулдашуу, Россия Федерациясынын учурдагы мыйзамы (колдонулуп жаткан мыйзам) аркылуу орнотулган жагдайлардан тышкары, ошондой эле укуктун ээси өз Контентин каалаган жак тарабынан колдонууга эрктүү экенин анык түрдө макулдугун билдирген жагдайдан тышкары. Лицензиат музыка, видео же башка Контентти Социалдык тармакта жүктөп, ошондой эле Контентти Социалдык тармакка башка жол менен жайгаштыруу менен, Лицензиат бул үчүн бардык керектүү укуктарга, ошонун ичинде жалпыга ачык кылып жайгаштыруу, мындай жарыялоо укук ээлеринин жана үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаганын жана укук ээлеринен жана үчүнчү жактардан бардык керектүү уруксаттар жана макулдуктар тиешелүү тартипте жана анык түрдө алынганын ырастайт. Социалдык тармакта эгер Лицензиат жайгаштыруу үчүн укук ээсинен керектүү укук жана/же макулдугун алган эмес болсо, ал Контентти жайгаштырууга тыюу салынат.

7.4.6. Социалдык тармакта, башка Лицензиаттарга же башка жактарды кордогон же кордогон катары аныкталган, ошондой эле Лицензиаттарды же башка жактарды жаман көрсөткөн билдирүүлөр, сүрөттөр жана башка материалдарды, ичинде опузалоо, ззомбулукка чакыруу, мыйзамга, коомчулукка каршы, ахлаксыз кыймылдарга, ошондой эле укук тартибине жана адептүүлүктүн негиздерине каршы бардык кыймыл-аракеттерди аткарууга чакырган материалдарды баарына ачык жерде (анын ичинде форумдарда, комментарийлерде жана/же статустарда) жайгаштыруу же болбосо Жеке билдирүүлөр аркылуу текст билдирүүлөрүн, графикалык сүрөттөрдү же башка материалдарды таратуу;

7.4.7. Социалдык тармакта адамдын намысына, абийирине жана ишкердик аброюна же уюмдун ишкердик аброюна зыян келтириши мүмкүн болгон билдирүүлөрдү, графикалык сүрөттөрдү же башка материалдарды (ошондой эле калп) жайгаштыруу;

7.4.8. Социалдык тармакта уят сөздөрдү камтыган билдирүүлөрдү жайгаштыруу;

7.4.9. Социалдык тармакта жашы эрезеге жете элек балдардын порнографиялык сүрөттөрүн жайгаштыруу;

7.4.10. Социалдык тармакта суицидке үгүттөө, суицид үчүн ар кандай ыкмалардын сүрөттөмөсүн камтыган жана аны аткарууга үгүттөгөн маалыматтарды жайгаштыруу;

7.4.11. Социалдык тармакта оккультизм тематикасындагы жана иш-аракеттерге байланышкан (сыйкырчылык, төлгө салуу, сатанизм, сыйкырдап сүйдүрүү, сыйкырчылык, ритуалдар, алдын ала айтуулар, дарылоочулардын жана экстрасенстердин кызматтары ж.б.) коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды жайгаштыруу;

7.4.12. Социалдык тармакта баңгизаттар жана психотроптук заттар, анын ичинде аларды даярдо рецепттери жана колдонуу боюнча кеңештер камтылган, жарнама же башка маалыматтарды, ошондой эле экстремисттик багыттагы материалдарды жайгаштыруу;

7.4.13. Социалдык тармакта жашы эрезеге жете элек балдардын укуктарын бузган маалыматтарды жайгаштыруу;

7.4.14. Социалдык тармакта учурдагы мыйзам аркылуу тыюу салынган кандайдыр бир маалыматты жайгаштыруу;

7.4.15. Социалдык тармакта жеке дайындарды, анын ичинде башка Лицензиаттардын же башка жактардын уруксатысыз байланыш маалыматтарын жайгаштыруу;

7.4.16. Аккаунтту каттаганда же кийинчерээк көзкөрүнө жалган маалыматтарды же башка бирөөнүн дайындарын киргизүү;

7.4.17. Социалдык тармакта өз сүрөтү катары башка жактардын уруксаты болбостон сүрөтүн же ойлоп табылган жактардын, жаныбарлардын, буюмдардын сүрөттөрүн, абстракттык сүрөттөрдү, ошондой эле башка графикалык сүрөттөрдү, ошол сүрөттөрдү жайгаштырган Лицензиатка тиешеси болбогон сүрөттөрдү, ошол сүрөттөрдүн укук ээлеринин (авторлорунун) уруксатысыз жайгаштыруу;

7.4.18. Лицензиаттын Аккаунтун жактар тобу же уюм аркылуу колдонуу максатында, Аккаунт Социалдык тармак топторунда Лицензиар менен макулдашып, жалгыз гана жарнама материалдарын target.mail.ru системасынын же башка жарнама системасынын жардамы менен башка текст билдирүүлөрүн жайгаштыруу максатынан тыкаркы жагдайларда колдонуу үчүн каттоо;

7.4.19. Лицензиаттын бирден ашык Аккаунтун бир эле жак менен каттоо;

7.4.20. Коомдук тармактын иштөөсүнүн туруктуулугун бузууга багытталган атакеттерди кылуу, Социалдык тармакка же анын жабык бөлүмдөрүн башкарууга уруксатсыз (анын ичинде Лицензиарга гана уруксат берилген бөлүмдөргө) кирүү аракетин кылуу, ошондой эле башка каалаган аракеттерди кылуу;

7.4.21. Башка Лицензиаттардын Аккаунттарына сырсөздү таап же сырсөзду киргизүү менен уруксатсыз кирүү, ошондой эле ошондой кирүү аракетин кылуу;

7.4.22. Спам таратуусун кылуу – Жеке билдирүүлөрдө, комментарийлерде, форумдардагы билдирүүлөрдө, Лицензиаттардын Жеке баракчаларында коммерциялык, саясаттык, жарнамалык жана башка маалыматтарды (анын ичинде ошондой маалыматты камтыган интернет-сайттарына жана/же зыяндуу программалык камсыздоону камтыган интернет-сайттарына алып барган гипершилтемелерди) массалык таратуу же кабыл алуучу Лицензиаттар мундай маалыматтарды алууга макулдугун бербеген болушса, ошондой маалыматтарды таратуу үчүн башка аракеттерди кылуу;

7.4.23. Социалдык тармакты карызкорлорду издөө үчүн же башка ушуга окшош максатта колдонуу;

7.4.24. Социалдык тармакта, ошондой эле топтордо тамеки жана тамеки өнүмдөрүн, даря каражаттарын, баңгизаттарды, күчтүү жана анча күчтүү эмес алкоголь ичимдиктерин илгерилетүү, жарнамалоо жана популяризацияга өбөлгө түзгөн маалыматтарды жайгаштыруу;

7.4.25. Социалдык тармакта, Лицензиардын оюу боюнча Социалдык тармакты түзүү максатына туура келбеген маалыматтарды жайгаштыруу;

7.4.26. Социалдык тармактын буйруктарына, скрипттерине жана/же колдонмосуна өзгөртүүлөрдү киргизген программалык каражаттарды колдонуу үчүн Социалдык тармактын функционалын колдонуу.

8. Кепилдиктер жана жоопкерчилик.

8.1. Лицензиат анын маалыматты, Контентти, башка мыйзам менен корголгон интеллектуалдык ишмердиктин жыйынтыктарын, алардын бөлүктөрүн же көчүрмөлөрүн, ошондой эле башка материалдарды Социалдык тармакка жайгаштыруусу же Жеке билдирүүлөр аркылуу берүүсү кимдир бирөөнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбай турганын кепилдейт. Үчүнчү жактардын маалыматын жана/же Контентин жайгаштыруу бөлүгүндө ушул Макулдашуунун шарттарын бузгандыгына байланыштуу үчүнчү жактардан дооматтар түшкөн учурда, Лицензиар мыйзам жол берген алкакта, пайда болгон пикир келишпестикти жөнгө салуу максатында, ага жеткиликтүү болгон Лицензиаттын байланыш маалыматын доомат менен кайрылган жактарга берүүгө укуктуу.

8.2. Лицензиат Социалдык тармакка авторизациялоо үчүн ал пайдаланган эсепке алуу маалыматтарынын (логиндин жана сырсөздүн) купуялуулугун камсыздоо жана башка жактардын авторизациялоо мүмкүнчүлүгүнүн алдын алуу үчүн талаптагыдай чаралар көрүлө турганын кепилдейт.

8.3. Лицензиар Жеке билдирүүлөр аркылуу Лицензиат менен жүргүзүлгөн кат алышуу сырын сактайт.

8.4. Лицензиар Лицензиат менен байланышуу, Лицензиатка кабарламаларды, билдирүүлөрдү жана sms-билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн, ошондой эле ушул Макулдашуу же колдонуудагы мыйзамдар менен башкача каралбаса, Социалдык тармактын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн жардамы менен билдириле турган, Лицензиаттын макулдугу менен Лицензиатка Социалдык тармактын функцияларын берүү үчүн Лицензиаттын Аккаунтунда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегин жана мобилдик байланыш телефонун пайдалануунун кепилдейт.

8.5. Лицензиар Лицензиаттын Жеке баракчасынын мазмунун түзүүгө жана анын Контетти жүктөөсүнө катышпайт, Лицензиаттын иш-аракетин контролдобойт, Сайттын жана Социалдык тармактын ачык бөлүмдөрүндө, Лицензиаттын Жеке баракчаларында маалыматтын автоматтык цензурасын, Жеке билдирүүлөрдүн цензурасын жүргүзбөйт жана жүргүзүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес жана Лицензиаттын аракети же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.6. Социалдык тармактын иштөө өзгөчөлүктөрүнөн улам, Лицензиар Лицензиат жайгаштырган маалыматты жана Контентти алдын ала модерациялоону жүргүзбөйт жана техникалык жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес жана анын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.7. Лицензиар Социалдык тармактын иштөөсүндөгү мүмкүн болгон үзгүлтүктөр жана тыныгуулар жана алар пайда кылган маалыматты жоготуулар үчүн жоопкерчилик тартпайт. Лицензиар Сайтты же Сайтта жайгаштырылган гипершилтемелер боюнча жеткиликтүү болгон сайттарды пайдалануудан улам же пайдаланууга байланыштуу Лицензиаттын компьютерине, мобилдик түзмөктөрүнө, башка жабдууга же программалык камсыздоого келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.8. Лицензиар үчүнчү жактардын Лицензиаттын Аккаунтуна кирүү сырсөзүн тандап алуу жана Лицензиаттын Аккаунтун пайдалануу менен алар жасаган бардык иш-аракеттер үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.9. Үчүнчү жактар Коомдук тармакта жарнамалык мазмунду кошуп, башка мазмунду да жайгаштыра алышат. Лицензиар Социалдык тармакты, анда жайгаштырылган Контентти же Лицензиат же башка жактар Социалдык тармактын жардамы менен кирүү мүмкүндүгүн алган, башка материалдарды пайдаланууга байланыштуу пайда болгон бардык чыгаша, анын ичинде алынбай калган пайда же зыян үчүн, Лицензиар мындай чыгаша же зыян келтирүү мүмкүндүгүн эскерткен же көрсөткөн болсо дагы, жоопкерчилик тартпайт.

8.10. Лицензиат анын Аккаунтун пайдалануу менен, ошондой эле Социалдык тармакта, Лицензиаттын же башка Лицензиаттардын Жеке баракчасында, форумдарда, комментарийлерде жана Социалдык тармактын жана/же Сайттын башка бөлүмдөрүндө анын Аккаунтун пайдалануу менен Контентти жайгаштырууга байланыштуу жүргүзүлгөн укукка каршы иш-аракеттер үчүн жоопкерчилик тартат.

8.11. Лицензиат ал Социалдык тармакка жайгаштырган же башкача жол менен Социалдык тармакта же анын жардамы менен жалпыга маалымдаган Контент же башка маалымат үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Лицензиат Социалдык тармакта Контентти жана маалыматты укук ченемсиз жайгаштыруу менен байланыштуу үчүнчү жактардын дооматтарын өз алдынча жайгаштырууга милдеттенет.

8.12. Социалдык тармакта жайгаштырылган, Лицензиаттар тарабынан Жеке билдирүүлөрдө жөнөтүлгөн, Лицензиаттар тарабынан Жеке баракчалардагы форумдарда жайгаштырылган ж.б. каалаган сайтка, өнүмгө, кызмат көрсөтүүгө, коммерциялык же коммерциялык эмес мүнөздөгү маалыматка гипершилтемелер Лицензиар тарабынан бул өнүмдөрдү (кызмат көрсөтүүлөрдү) жактыруу же сунуштоо болуп саналбайт. Лицензиар мындай гипершилтемелер боюнча өтүүнүн жыйынтыгында Лицензиатка келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.13. Лицензиар Социалдык тармакты пайдаланууда Лицензиаттын же үчүнчү жактардын укукка каршы иш-аракеттери үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.14. Лицензиар Социалдык тармакта жарыяланган Лицензиаттын айткандары үчүн жоопкерчилик тартпайт. Лицензиар Социалдык тармактагы Лицензиаттын жүрүм-туруму, башка Лицензиаттарга карата сыйлабаган мамилеси үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.15. Лицензиар Лицензиаттын Социалдык тармактагы өз Аккаунтуна кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготкону (логинди, паролду, Аккаунтту же Жеке баракчаны пайдалануу үчүн керектүү башка маалыматты жоготуу) үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.16. Лицензиар Лицензиат Аккаунт жана Жеке баракчаны түзүүдө өз маалыматтарын толук эмес, так эмес, туура эмес көрсөткөнү үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.17. Лицензиат Социалдык тармактын оюн Колдонмолордун пайдаланганда мындай оюн Колдонмолоруна катышуунун жыйынтыгында алынган оюн баалуулуктарын Лицензиат оюн процессинин жүрүшүндө жоготуп алганы үчүн Лицензиар жоопкерчилик тартпайт.

8.18. Лицензиар Лицензиатта Интернетке кирүү мүмкүндүгү жок болгону үчүн, алар менен Лицензиат Интернет тармагына кирүү мүмкүндүгү боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзгөн, Интернет тармагынын байланыш провайдерлеринин кызмат көрсөтүү сапаты үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.19. Лицензиар Социалдык тармакты пайдалануунун жүрүшүндө Лицензиат алган накталай же накталай эмес акчага, же Социалдык тармактын башка баалуулуктарына, анын ичинде виртуалдык баалуулуктарга алмашууну жүзөгө ашырбайт.

8.20. Лицензиар Лицензиаттын активдештирилбеген маалыматтарды жана командарларды пайдалануу укугун сатып алышы менен байланыштуу чыгымдарын, анын ичинде каалаган негиздер боюнча ушул Макулдашууну токтото туруу же токтотуу учурунда, эгер колдонуудагы мыйзамдар менен башкача түз каралбаса, Лицензиатка чыгымдардын ордун толтурбайт.

8.21. Лицензиар төмөндөгүлөрдүн жыйынтыгында Лицензиатка же башка үчүнчү жактарга келтирилген түз же кыйыр зыяндын жана алынбай калган пайданын пайда болушу үчүн жоопкерчилик тартпайт:

8.21.1. Социалдык тармакты пайдалануунун же пайдалануунун мүмкүн эместигинин;

8.21.2. Каалаган үчүнчү жактардын Лицензиаттын жеке маалыматына, анын ичинде Лицензиаттын Аккаунтуна жана Жеке баракчасына уруксатсыз киришинин;

8.21.3. Социалдык тармакта каалаган үчүнчү жактардын билдирүүлөрүнүн же жүрүм-турумунун;

8.21.4. Аккаунтту, Контентти өчүрүнүн же Социалдык тармактын айрым элементинин же жалпысынан Социалдык тармактын иштөөсүнүн токтошунун.

8.22. Бардык жагдайда Лицензиардын Лицензиаттын алдындагы жоопкерчилиги 3 000 (үч миң) рубль суммасы менен чектелген, мында эгер колдонуудагы мыйзамдар менен башкача түз каралбаса, алынбай калган пайда ордун толтурууга жатпайт.

8.23. Лицензиар жыйынтыгында Лицензиатка Социалдык тармакты же анын айрым функцияларын/бөлүмдөрүн/баракчаларын пайдалануу укугун, ошондой эле активдештирилбеген маалыматтарга жана командаларга укукту берүүдөн баш тартылган, Лицензиаттын Макулдашуунун шарттарын бузгандыгы жөнүндө далилдеген кандайдыр бир далилдерди, документтерди жана башкаларды Лицензиатка берүүгө милдеттүү эмес.

8.24. Лицензиарга жөнөтүлгөн Лицензиаттын дооматтары Аккаунттун конкреттүү адамга таандык экендигинин фактысын аныктоо мүмкүн болгон шартта кабыл алынат жана каралат. Окшош каттоо эсеп маалыматтары бар Аккаунттар болушу мүмкүн экенин эске алып, Лицензиар кошумча дайындарды жана маалыматты, анын ичинде кайсы Лицензиаттын Аккаунту менен байланыштуу дооматтар түшкөнүн аныктоого же Аккаунттун доомат менен кайрылган адамга таандык экенин аныктоого шарт түзгөн маалыматты берүүнү талап кылууга укуктуу.

8.25. Лицензиар үчүнчү жактардын Колдонмолорун пайдаланууга байланыштуу Лицензиатка келтирилиши мүмкүн болгон, Лицензиаттын ден соолугуна зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт. Лицензиат муну менен Колдонмолор белгилүү жагдайларда талмасы же нерв мүнөзүндөгү башка оорулары бар адамдарда аталган абалдардын курчушун пайда кылган, ар кандай үн жана/же видео эффекттерди камытышы мүмкүн экени тууралуу кабарланды жана Лицензиат аталган оорулар менен жабыркабай турганын кепилдейт же Колдонмону пайдаланбоого милдеттенет. Лицензиат муну менен жеке компьютерде үзгүлтүксүз узакка (тынымсыз) отуруу физикалык абалдын ар кандай оордошууларын, анын ичинде көрүүнүн начарлашын, омуртка түркүгүнүн кыйшайышын, невроздун ар кандай түрлөрүн жана башка организмге терс таасирлерди пайда кылышы мүмкүн экени тууралуу кабарланды. Лицензиат ал Колдонмолорду эс алууга же эгер мындайлар Лицензиатка сунушталса же дайындалса, физикалык абалынын алдын алуу боюнча башка иш-чараларга тыныгуу менен, акылга сыярлык убакыт аралыгында гана пайдалана турганын кепилдейт.

8.26. Лицензиар Лицензиаттардын Социалдык тармакка колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген маалыматты мыйзамсыз жайгаштыруу фактысынын алдын алуу жана бөгөт коюу үчүн чаралар комплексин көрөт, анын ичинде төмөндөгүдөй жол менен:

8.26.1. Ушул Макулдашууга Лицензиаттардын мыйзамды бузуу менен Социалдык тармакта маалыматты жайылтуусуна жол берилбестиги жөнүндө эскертүүнү киргизүү;

8.26.2. Лицензиаттарга Социалдык тармактын интерфейсинде маалыматты жайгаштыруу учурунда мыйзамды бузууга жол берилбестиги жөнүндө атайын эскертүү;

8.26.3. Колдонуудагы мыйзамдарды бузуу менен Социалдык тармакка жайгаштырылган маалыматка карата Лицензиаттардын, мамлекеттик органдардын жана башка жактардын даттанууларын иштеп чыгуу. Мындай даттануулар «Даттануу» баскычын пайдалануу менен кайрылууларды берүүнүн атайын формасы аркылуу, колдоо кызматына кайрылуу аркылуу же Лицензиардын дареги боюнча жазуу түрүндө түшүшү мүмкүн;

8.26.4. Анын бардык көчүрмөлөрүндө окшош тыюу салынган контентти аныктоого, бөгөттөөгө жана өчүрүүгө шарт түзгөн ар кандай технологияларды жана алгоритмдерди пайдалануу.

8.27. Мыйзам бузуу менен таратылган Контентке даттануу тартиби «ОК» социалдык тармагында мыйзамды бузуу менен маалыматты таратууга байланыштуу арызданууларды кароо эрежелеринде каралган.

8.28. Лицензиат тарабынан YouTube’дан кошулуп жаткан мазмунду Социалдык тармакты колдонууда ага шилтеме берүү аркылуу көрсөтүү үчүн, Лицензиар YouTube API’ни колдонот. Коомдук тармакты колдонуу менен, Лицензиат YouTube’ду колдонуу шарттарына макулдугун берет.

9. Активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу

9.1. Макулдашуунун учурдагы бөлүмү Лицензиар тарабынан Лицензиатка активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдаланууну камсыз кылуу укугунун эрежесин жана шарттарын регламенттейт.

9.2. Лицензиаттын каалоосу менен Лицензиар Лицензиатка, эгер башка жобо Лицензиар тарабынан каралбаган болсо, Социалдык тармактын функционалдык мүмкүндүктөрү алкагында колдонулган Социалдык тармакта виртуалдык баалуулуктарды жогорулатууга мүмкүндүк берген актидештирилбеген дайындарды жана буйруктарды колдонуу укугун Сый акыга берет. Сый акыны киргизүү өлчөмү менен шарттары Лицензиаттын белгилүү натыйжага Социалдык тармактын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө карай Лицензиардын өзү аркылуу аныкталып, дайындар жана буйруктардын көлөмүнө көз каранды болот. Көрсөтүлгөн шарттар учурдагы Макулдашууда жана/же Социалдык тармактын тиешелүү бөлүмдөрүндө сакталат.

Активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу Лицензиар тарабынан Лицензиаттын Аккаунтундагы «ОКлар» катары виртуалдык баалуулуктардын чагылдырылганынан тарта берилет. Бул момменттен тарта Лицензиат активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык «ОКлар» катары виртуалдык баалуулуктардын көлөмүнө карай берилет. «ОКлар» катары виртуалдык баалуулуктар Лицензиаттын Аккаунтунда Лицензиар үчүнчү жактардан (төлөө системалары, операторлор, төлөм агрегаторлору) төлөм аткарылганы (ырастоо) тууралуу маалыматты алгандан кийин чагылдырылат.

Активдештирилбеген маалыматтардын жана командалардын көлөмү «ОКлар» катары виртуалдык баалуулуктардын санына ылайык келгени Лицензиар тарабынан аныкталат. Сый акынын көлөмү «ОКлар» катары виртуалдык баалуулуктардын санына ылайык келгени Лицензиар тарабынан аныкталат.

Активдештирилбеген дайындарды жана командаларды пайдалануу укугу Лицензиатка учурдагы Макулдашуунун жарактуу мөөнөтүнө карай берилет, эгер мындай укук Социалдык тармактын эрежелерине ылайык токтотулган эмес болсо.

Сый акыны киргизүүнү Лицензиат Социалдык тармак аркылуу орнотулган конвертация ирээтине ылайык, тиешелүү территориянын валютасындагы акча каражаты менен аткарат. Сый акынын өлчөмү Лицензиар тарабынан аныкталат жана аларды пайдалануу укугу Лицензиатка берилген, активдештирилбеген маалыматтардын жана командалардын көлөмүнөн көз каранды болот.

«ОКлар» катары виртуалдык баалуулуктарды чагылдыруудан тарта, Лицензиаттын Аккаунтунда Лицензиат Лицензиардан Сый акыны кайтарууну талап кыла албайт, эгер колдонулуп жаткан мыйзамда башкасы түздөн-түз көрсөтүлгөн эмес болсо.

9.3. Сый акыны киргизүү Лицензиат тарабынан акча каражаттарын колдоого алынган төлөө ыкмалары аркылуу аткарылат. Төлөөгө жеткиликтүү ыкмалардын тизмеси Социалдык тармактын тиешелүү бөлүмдөрүндө көрсөтүлөт. Төлөө системалары аркылуу Сый акыны төлөө ыкмалары жана шарттары Лицензиар тарабынан Социалдык тармакта жарыяланат: https://ok.ru/payment.

9.4. Сый акыны төлөп жатканда Лицензиат төлөө нускамаларын жана төлөө ыкмаларын ирээти менен жолдоп, ошондой эле билдирүунү киргизүү эрежелерин жана кыска текст билдирүүлөрүн (SMS) киргизүү, чоң жана кичине тамгаларды, сандарды жана киргизүү тилин киргизүү ирээтин да камтыйт. Лицензиатка активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугун камсыз кылуу кошо берилген нускамалар жана төлөө ыкмаларын аткарганда гана берилет. Лицензиар Лицензиат тарабынан төлөм аткаруу шарттарынын туура же туура эмес аткарылганы үчүн жоопкерчиликти албайт. Активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугуна төлөө үчүн төлөм системаларын пайдалануу эрежелери жана тартиби маселелери боюнча Лицензиат мындай төлөм системаларын кармоочуларга же төлөмдөр операторуна/агрегаторлоруна кайрылышы керек. Лицензиар Лицензиатка мындай төлөм системаларын пайдалануу эрежелерине жана тартибине байланыштуу маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү бербейт, ошондой эле эгер мындай төлөмдөр мындай жактар белгиленген эрежелерди бузуу менен жүргүзүлсө, анын жыйынтыгында акча каражаттары Лицензиарга түшпөй калса, төлөм системалары, төлөм операторлору, агрегаторлору аркылуу мындай укуктарды сатып алуу үчүн төлөнгөн акча каражаттарын Лицензиатка кайтарып бербейт.

9.5. Лицензиатка активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугун берүү, эгер Макулдашууда башкача тартип камтылбаса же өзүнчө Лицензиар тарабынан аныкталбаса, ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык Лицензиат мындай укуктарга толук төлөгөн шартта гана жүргүзүлөт. Мында пайдалануу укуктарына төлөө жөнүндө ырастоону алганга чейин Лицензиар аларды Лицензиатка бербегенге, же алары чектелүү көлөмдө берүүгө укуктуу.

9.6. Эгер техникалык катанын же Социалдык тармактын же анын каалаган элементинин үзгүлтүк болушунун же Лицензиаттын аң-сезимдүү аракетинин жыйынтыгында ал ушул Макулдашууда белгиленген тартипте пайдалануу укугун сатып алуусуз активдештирилбеген маалыматтарга жана командаларга жетүү мүмкүндүгүн алса, Лицензиат бул факты тууралуу Лицензиарга маалымдоого жана ага Сый акы төлөп берүүгө же алынган укуктарды укук ченемсиз пайдалануунун бардык кесепеттерин жоюуга милдеттенет. Лицензиар Лицензиатка кабарлоосуз өз алдынча мындай кесепеттерди жоюуга укуктуу.

9.7. Лицензиат Социалдык тармакты пайдалануу убагында ал Сый акы төлөгөнүн ырастаган документтерди сактоого жана Лицензиардын суроо-талабы боюнча ага мындай документтерди, ошондой эле мындай төлөмдү Лицензиаттын жасоо жагдайлары жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.

9.8. Активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды жайылтуу артыкчылыктуу укугу Лицензиарга таандык, ушуга байланыштуу мындай маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укуктарын берүү жөнүндө үчүнчү жактардын эч кандай сунуштары Лицензиат тарабынан Лицензиардан чыккан сунуш катары бааланбайт.

Талаштуу, түшүнүксүз кырдаалдар пайда болгон же Лицензиатка активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугуна төлөө менен байланыштуу үчүнчү жактардын кандайдыр бир сунуштарын жөнөткөн, же Сайтта Лицензиардын атынан жарыялангандан тышкары, мындай кулактандырууларды жана сунуштарды Интернет тармагында жайгаштырган учурда, Лицензиат бул тууралуу токтоосуз түрдө Лицензиарга кабарлоого милдеттүү.

Эгер Лицензиат ушул жобону бузуу менен, кулактандырууда көрсөтүлгөн реквизиттерди пайдалануу менен аталган кулактандыруу боюнча төлөмдү жүргүзсө, Лицензиаттын Лицензиарга карата Лицензиатта активдештирилбеген маалыматтардын жана командалардын жоктугуна байланыштуу дооматтары кабыл алынбайт, жана Лицензиар мындай жагдайларда Лицензиат сарптаган акча каражаттарын Лицензиатка компенсациялабайт.

9.9. Эгер Лицензиар Лицензиат активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугун үчүнчү жактардан алып жатканы аныкталса, Лицензиар өзүнүн кароосу боюнча Лицензиатка карата Социалдык тармакты пайдалануу укугун токтото турууга, чектөөгө же токтотууга укуктуу.

9.10. Лицензиаттын активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугун сатып алышы аны ушул Макулдашууну сактоодон жана ага карата ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн чараларды колдонуудан, анын ичинде эгер колдонуудагы мыйзамдар менен башкача түз каралбаса, Социалдык тармакты пайдалануу укуктарын токтото туруудан же токтотуудан жана/же Лицензиардын Лицензиаттын Аккаунтун өчүрүүсүнөн бошотпойт.

9.11. Лицензиат Лицензиарга РФ мыйзамдарын жана/же Лицензиат жараны болуп саналган башка өлкөнүн мыйзамдарын жана үчүнчү жактардын укуктарын бузбай, Сый акы төлөө үчүн ал тандаган каражаттарды пайдаланууга укуктуу экенин кепилдейт. Лицензиар төлөө каражаттарынын операторлору алган кошумча комиссиялар жана Лицензиаттын ага таандык төлөө каражаттарын пайдалануусунун жыйынтыгында Лицензиатка жана/же үчүнчү жактарга келтирилген мүмкүн болуучу зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.

9.12. Лицензиар Сый акы төлөөдө Лицензиаттын мүмкүн болгон укукка каршы иш-аракеттери үчүн жоопкерчилик тартпайт. Лицензиар эгер Лицензиаттын мыйзамга каршы иш-аракеттерди жасагандыгына шектенүү болгондо, эгер колдонуудагы мыйзамдар менен башкача түз каралбаса, жагдайды аныктаганга чейин, Лицензиаттын активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугун бир тараптуу тартипте токтото туруу же токтотуу укугун өзүнө калтырат.

9.13. Эгер Лицензиарда Лицензиат Сый акы төлөө менен байланыштуу мыйзамга каршы иш-аракеттерди аткарып жатканына негиздер болсо, Лицензиар бул факты боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына тиешелүү маалыматты берүүгө укуктуу.

9.14. Лицензиаттын банк карталарынын жардамы менен Сый акыны төлөө өзгөчөлүктөрү:

9.14.1. Банк карталары боюнча операциялар карта кармоочу же анын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан аткарылат;

9.14.2. Банк карталары боюнча операцияларды авторизациялоо банк тарабынан жүзөгө ашырылат. Эгер банкта операция алдамчылык мүнөзгө ээ экенине негиздер болсо, анда банк бул операцияны жүргүзүүдөн баш тартууга укуктуу. Банк карталары менен алдамчылык операциялары кылмыш иши болуп саналат;

9.14.3. Банк карталары менен төлөөдө алдамчылык учурларынан алыс болуу үчүн банк картасы менен төлөнгөн төлөмдөр болгон мүмкүнчүлүктөрдүн алкагында Лицензиар тарабынан текшерилиши мүмкүн. Мындай төлөмдү тариздеген, Лицензиат-карта кармоочу Лицензиардан түшкөн суроо-талап боюнча, банк картасын укук ченемдүү пайдаланууну ырастоо үчүн Лицензиарга керектүү документтердин көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү. Суралган документтерди Лицензиат төлөмдү тариздеген күндөн баштап 14 күн аралыгында бербеген же алардын аныктыгына шектенүүлөр болгон учурда, эгер Лицензиар тарабынан башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, акыркы жагдайды аныктаганга чейин Лицензиатка Социалдык тармакты, анын каалаган бөлүгүн/бөлүмүн жана/же активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укугун берүүнү токтото турууга укуктуу.

9.15. Лицензиат Социалдык тармак жана Колдонмолор кумар оюну, акчага оюн, сынак, мелдеш эмес деген жагдайды макул болот, түшүнөт жана кабыл алат.

9.16. Активдештирилбеген маалыматтарды жана командаларды пайдалануу укуктарын сатып алуу Лицензиаттын өзүнүн эркин жана каалоосун жүзөгө ашыруу болуп саналат жана Социалдык тармакты жана анын негизги функционалын колдонуу үчүн зарыл же милдеттүү шарт болуп саналбайт.

10. Территория жана Макулдашуунун жарамдуулук мөөнөтү

10.1. Лицензиаттын Социалдык тармакты учурдагы Макулдашууда көрсөтүлгөн ыкмалар менен Россия Территориясынын жана ал стандарттык компьютер каражаттарын, программалар жана түзмөктөрдү колдонууга жеткиликтүү болгон башка территорияларда пайдаланууга укуктуу.

10.2. Учурдагы Макулдашуу анын шарттарын Лицезиат тарабынан кабыл алган убактан тарта ишке киргизилип, 1 (бир) каленардык жылдын ичинде жарактуу болот.

10.3. Учурдагы Макулдашуунун жарамдуулугу ар кийинки 1 (бир) жылга узартылып турат, эгер ошол көрсөтүлгөн Макулдашуунун мөөнөтү бүткөнгө чейин төмөндөгү нерселердин бири болбосо:

10.3.1. Лицензиар учурдагы макулдашуунун жоболорун өзгөртүү тууралуу чечимди, Лицензиаттар менен жаңы макулдашууга кол коюуну, Социалдык тармакты башкаруу жана ага кызмат көрсөтүүнү жана ага кирүү мүмкүндүгүн токтотуп, Лицензиатка карай учурдагы Макулдашууну токтотууну (жокко чыгарууну) же Социалдык тармакты Лицензиатка карай колдонуу мүмкүдүгүн жокко чыгарууну чечти.

10.3.2. Лицензиат Социалдык тармакты колдонууну токтотуп, Учурдагы Макулдашууну жокко чыгарууну чечти.

10.4. Лицензиат тарабынан учурдагы Макулдашуунун шарттарын, колдонулуп жаткан мыйзамды бир ирет болсо да бузганда, ошондой эле Лицензиар тарабынан Социалдык тармактагы баракчаларда көрсөтүлгөн башка кырдаалдарда, эгер башкачасы колдонулуп жаткан мыйзам тарабынан түздөн түз аныкталган эмес болсо, Лицензиар каалаган убакта, Лицензиатка кабар бербей туруп жана себебин түшүндүрбөй туруп учурдагы Макулдашууну бир жактуу, сотко кайрылбастан, кирүү мүмкүндүгүн дароо жаап жана Социалдык тармакты колдонуу мүмкүндүгүн токтотуп, кандайдыр бир чыгымдарды же Макулдашуу аркылуу алынган каражаттарды кайтарбай коё алат.

10.5. Лицензиар каалаган убакта, Лицензиатка кабар бербей туруп жана себебин түшүндүрбөй туруп кирүү мүмкүндүгүн жана Социалдык тармакты колдонуу мүмкүндүгүн токтотуп, Лицензиаттын Аккаунтун кандайдыр бир чыгымдарды же Макулдашуу аркылуу алынган каражаттарды кайтарбай туруп, Лицензиат тарабынан учурдагы Макулдашуунун шарттарын, колдонулуп жаткан мыйзамды бир ирет болсо да бузганда, эгер колдонулуп жаткан мыйзам аркылуу башкасы көрсөтүлгөн эмес болсо, өчүрүп коё алат.

10.6. Эгер башкачасы Макулдашууда анык түрдө көрсөтүлгөн эмес болсо, Социалдык тармакка Лицензиаттар жана үчүнчү жактар тарабынан жүктөлгөн Контенттен сырткары, бардык артыкчылыктуу укуктар же Социалдык тармактын элементин түзгөн программдык камсыздоо үчүн алынган керектүү лицензиялар жана/же аны башкаруу жана иштетүү үчүн колдонулган, анын курамына кирген аудиовизуалдык сүрөттөр, ошондой эле Социалдык тармактын графикалык дизайны, сүрөттөр, анимациялар, видеосүрөттөр, видеоклиптер, үн жаздыруулары, үн эффекттери, музыка, Социалдык тармактын жана Колдонмолордун тексттик толуктамалары сыяктуу маалыматтар Лицензиарга таандык болгонуна Лицензиат макулдугун берип жана толугу менен моюнуна алат.

10.7. Учурдагы Макулдашуу Лицензиардан Лицензиатка Социалдык тармактын кандайдыр бир бөлүкчөлөрүнө артыкча лицензияны берүү же кандайдыр бир артыкча укуктарды берүүну карабайт.

10.8. Эгер Лицензиатка, өлкөсүнүн мыйзамына ылайык Интернет тармагын же Социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынган болсо же башка мыйзамыдуу чектөөлөр болсо, анын ичинде мындай программдык камсыздоого кирүү мүмкүндүгүнун жаш чектөөсү боюнча Лицензиатка Социалдык тармакты колдонууга укугу жок болгон жагдайда. Мындай жагдайда Лицензиат Социалдык тармакты жергиликтүү мыйзамды бузуп, өз территориясында колдонгону үчүн жоопкериликти өзү тартат.

11. Жыйынтыктоочу жоболор

11.1. Уурдагы Макулдашууну Лицензиар өзгөртө алат. Макулдашуудагы бардык өзгөртүүлөр Лицензиар тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт жана мындай өзгөртүүлөрдү жарыялаган күндөн кийинки күнү күчүнө кирет. Лицензиат Макулдашууну өзгөрүүлөр барбы же жокпу, өзү текшерип турууга милдеттүү. Лицензиат Макулдашуу жана/же Макулдашуунун өзгөртүлгөн редакциясын окуп чыкпаса, ал Лицензиаттын өз жоопкерчиликтерин аткарбоого жана учурдагы Макулдашуу тарабынан орнотулган чектөөлөрдү Лицензиат тарабынан бузууга негиз болбойт. Лицензиаттын ушул Саясаттын шарттарына же аны колдонуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин Социалдык тармакты иш жүзүндө пайдалануусу Лицензиаттын жаңы шарттар менен макулдугун түшүндүрөт.

11.2. Макулдашуунун бир же бир нече жоболорунун сот чечими аркылуу күчүнө кирип, жараксыз болуп калышы, Жактарга макулдашуунун толугу менен жараксыз болуп калышына алып келбейт. Макулдашуунун бир же бир нече шартынын аныкталган тартипте жараксыз болуп таанылган жагдайында, Жактар Макулдашуунун алкагында өзүнө алган милдеттерди Макулдашууга кол коюп жатанда жана/же Макулдашууну макулдашып өзгөрткөн ыкмага карай өзүнө алган жоопкерчиликти божомолдонгонго максималдык жакын аткарууга милдеттүү болушат.

11.3. Учурдагы Макулдашуу жана Жактардын учурдагы Макулдашуусун аткаруудагы карым-катнашы жана Социалдык тармакты колдонуу Россия Федерациясынын мыйзамы аркылуу жөнгө салынат.

11.4. Учурдагы Макулдашуунун формасы жана ага кол коюу ыкмасына карай РФтин Жараандык Кодекси («РФ ЖК») нормалары колдонулуп, алар жалпыга ачык офертаны кабыл алуу аркылуу келишимге кол коюу шартын жана тартибин жөнгө салат.

11.5. Учурдагы Макулдашуу боюнча жактардын бардык тартыштарын сотко чейинки (доо) иретинде, милдеттүү түрдө жазышуу жана сүйлөшүү жолдору менен чечүүгө болот. Эгер башкасы колдонулуп жаткан мыйзам тарабынан көрсөтулгөн эмес болсо, башка Жактан жазуу түрүндө дооматты алган убактан тарта жактар арасында сүйлөшүүлөр аркылуу 60 (алтымыш) календар күнүнүн ичинде макулдукка жетүү мүмкүн болбогон жагдайда, талашты кароо кызыктар болгон жак тарабынан Лицензиардын жайгашкан жери боюнча жалпы юрисдикциядагы сотко өткөрүлүшү керек (дело башка сотко тиешелүү болбосо).

11.6. Учурдагы Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү катары Социалдык тармактагы үчүнчү жактар тарабынан иштеп чыгарылган Колдонмолорго байланыштуу ар бир тиешелүү Колдонмонун астында, Социалдык тармактагы ушул Колдонмонун баракчасында жайгашкан сунуштарды, дооматтарды жана талаштарды карап чыгуу ирети болуп саналат. Жогоруда көрсөтүлгөн иретке ылайык, Колдонмону пайдалануу боюнча бардык кайрылуулар, арыздар, сунуштар, дооматтар жана башка суроо-талаптарды Лицензиат Социалдык тармактын тиешелүү Колдонмосунун баракчасында көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары аркылуу түздөн-түз Колдонмолордун өнүктүрүүчүлөрүнө жөнөтөт.

11.7. Учурдагы Макулдашуунун редакциясы Интернет тармагында Социалдык тармактын жайнашкан дареги аркылуу, тиешелүү бөлүмдө, Лицензиардын Колдонмолорунда жана Лицензиар аркылуу аныкталган Лицензиаттын окуп чыгуусуна мүмкүндүк берген башка жерлерде жеткиликтүү.

11.8. Макулдашууну аткарууга байланыштуу суроолор боюнча, Лицензиардын жайгашкан жеринин дарегине кайрылууңузду суранабыз: Ленинград проспекти, 39-ү. 79-курулуш, «SkyLight» ишкердик борборуРоссия Федерациясы, 125167 Москва ш., Лениинград проспектиси, 39-ү., 79-кур.

11.9. Социалдык тармакты колдонууга жана Макулдашууну аткарууга байланыштуу Лицензиаттын бардык кайрылуулары учурдагы мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Лицензиар тарабынан каралат.

30.12.2016-ж. редакция
(10.04.2024-жылдагы акыркы толуктоолор менен)